Бишкек шаары2010-жылдын 3-июну УӨ № 61 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "Петрол Групп" жоопкерчилиги чектелген коомун мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 26-апре-линдеги сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесинеылайык "Петрол Групп" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - "Пет-рол Групп" ЖЧКсы) мамлекеттештирилсин. 2. "Петрол Групп" ЖЧКсын мамлекеттештирүүгө байланыштуу КыргызРеспубликасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги: - "Петрол Групп" ЖЧКсынын мүлкүнүн сакталышын камсыз кылсын; - "Петрол Групп" ЖЧКсынын башкаруу органдарын белгиленген тартиптедайындасын; - "Петрол Групп" ЖЧКсын мамлекеттик кайрадан каттоону жүргүзсүн; - "Петрол Групп" ЖЧКсын мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка ма-селелерди чечсин. 3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн. 4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева