Бишкек шаары2010-жылдын 24-июну УӨ № 81 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ 2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине толуктоо киргизүү тууралуу Республиканын түштүгүндө болгон кайгылуу окуяларды эске алып, до-буш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту жана жарандардын референдумгакатышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республи-касынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылын 7-апрелиндеги № 1 Декретин же-текчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декреттикабыл алат: 1. 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын рефе-рендуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна да-йындалган Кыргыз Республикасынын Референдумун (жалпы элдик добушберүүсүн) өткөрүүнүн убактылуу тартибине төмөнкү толуктоо киргизилсин: 8-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жарандар өздөрү жашаган же убактылуу жүргөн жери боюнча добушберүү үчүн жайдан сырткары добуш берүүгө укуктуу. Референдумдун тие-шелүү комиссиялары жарандарга добуш берүү үчүн жайдан сырткары добушберүүгө мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Добуш берүү үчүн жайдансырткары добуш берүү жөнүндө чечим жергиликтүү мамлекеттик администра-циянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сунушу боюнча рефе-рендумдун тиешелүү комиссиясы тарабынан кабыл алынат.". 2. Кыргыз Республикасынын Шайлооо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясы өз чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин. 3. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева