Бишкек шаары2010-жылдын 23-июну УӨ №80 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ 2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кайгылуу окуялар учурунда паспортун же инсандыгын аныктаган документтерин жоготкон жарандардын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кайгылуу окуяларучурунда паспортун же инсандыгын аныктаган документтерин жоготкон жа-рандардын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу мак-сатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апре-линдеги №1
Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убакты-луу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн качкындардын (аргасыз жеркоторгондордун) тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарыубактылуу жашаган (турган) жеринде, анын ичинде паспорту же инсандыгынаныктаган документтери жок болгон учурда добуш берүүгө укуктуу экендигибелгиленсин. Качкындардын (аргасыз жер которгондордун) тизмесине киргизилгенжаран добуш берүү үчүн участкалык референдум комиссиясы жайгашкан жергекелген күнү ал референдумдун катышуучуларынын кошумча тизмесине кирги-зилет. Зарылчылыкка жараша, референдумдун тийиштүү участкалык комиссиясы-нын чечими боюнча качкындар (аргасыз жер которгондор) убактылуу жашаган(турган) жеринде добуш бере алышат. Мындай учурларда референдумдунучасткалык комиссиялары добуш берүүчү жайлардан тышкары добуш берүүмүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Документсиз добуш берген учурларда референдумдун катышуучуларынынкошумча тизмесине тийиштүү белги коюлат, ал референдумдун участкалыккомиссиясынын төрагасынын жана референдумдун участкалык комиссиясынынчечүүчү добуш укугуна ээ эки мүчөсүнөн кем эмесинин колтамгасы мененкүбөлөндүрүлөт жана жаранга добуш берүү үчүн бюллетень берилет. 2. Кыргыз Республикасынын жараны паспорту же инсандыгын аныктагандокументтери жок учурда референдумдун участкалык комиссиясынын чечүүчүдобуш укугуна ээ эки мүчөсүнөн кем эмеси анын ким экендигин ырастаган-дан кийин добуш берүүгө укуктуу экендиги белгиленсин. Мындай учурда жаран добуш берүү үчүн участкалык референдум комис-сиясы жайгашкан жерге келген күнү ал референдумдун катышуучуларынын ко-шумча тизмесине киргизилет. Референдумдун катышуучуларынын кошумча тиз-месине тийиштүү белги коюлат, ал референдумдун участкалык комиссиясынынтөрагасынын жана анын ким экендигин ырастаган референдумдун участкалыккомиссиясынын чечүүчү добуш укугуна ээ эки мүчөсүнөн кем эмесинин кол-тамгасы менен күбөлөндүрүрлөт жана жаранга добуш берүү үчүн бюллетеньберилет. 3. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында коомдук тартипти,жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга тартылган Кыргыз Республикасы-нын Ички иштер министрлигинин ички иштер органдарынын кызматкерлери жа-на ички аскерлеринин аскер кызматчылары кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүаркылуу турган жерлеринде добуш берүүгө укуктуу. 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаборбордук комиссиясы өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин. 5. Ушул Декрет кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева