Редакцияот 19.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 19-июну УӨ № 74           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ           Автотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын     Башкы     прокуратурасы    Бакиевдердинүй-бүлөсүнө таандык автотранспорт  каражаттарды  тапканына  байланыштуужана  Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-деги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү  ушулДекретти кабыл алат:     1. Кыргыз  Республикасынын  Граждандык  кодексинин  288-беренесинеылайык БМВ-750LI  Win  соdе  WВАKВ 810449СY52201, Лексус-LX570 Win соdеJТSNOOW294028398, Лексус-RХ33О 3МZ 4161824, Мерседес-Бенц G500 Win соdeWAB4632481X162400, Шевроле Субурбан Ls WIN соdе IGNFK163X9J110614, мар-каларындагы автомашиналар, бардыгы беш автомашина мамлекеттештирилсин.     2. Кыргыз  Республикасынын  Президентинин Иш башкармасы төмөнкүдөймаркалардагы автомашиналарды балансына алсын:     - Мерседес-Бенц G500 Win соdе WAB4632481X162400;     - Шевроле Субурбан LS Win соdе IGNFK163X9J110614;     - Лексус-LX570 Win соdе JТSNYOOW294028398.     3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы төмөнкүдөй маркалар-дагы автомашиналарды балансына алсын:     - БМВ-750LI Win соdе WABАКВ 810449СҮ52201;     - Лексус-RХ33О 3МZ 4161824.     4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана  КыргызРеспубликасынын  Башкы прокуратурасы ушул Декреттин 1-пунктунда аталганавтотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу маселелер-ди чечишсин.     5. Бул Декреттин  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.     6. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева