Бишкек шаары2010-жылдын 21-июну УӨ №78 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "Манас Аэрофьюэлс" жабык акционердик коомунун май куюу комплексин мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 15-ию-нундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. "Манас Аэрофьюэлс" жабык акционердик коому "Аалам сервис" жооп-керчилиги чектелген коомунан сатып алган жана "Манас Аэрофьюэлс" жабыкакционердик коому менен "Аалам сервис" жоопкерчилиги чектелген коомунунортосунда 2009-жылдын 12-июнунда түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишиминин1-тиркемесинде көрсөтүлгөн мүлктөн турган май куюучу комплекс КыргызРеспубликасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине ылайык мамлекет-тештирилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги май куюучукомплекстин (мындан ары - МКК) мамлекеттештирилгенине байланыштуу: - МККны "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын балан-сына алууну-өткөрүүнү камсыздасын; - "Манас Аэрофьюэлс" жабык акционердик коомуна ММКны алуу үчүнтөлөгөн акча каражатын мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүп калуу ме-нен кайра берсин; - ММКны мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу башка маселелерди чеч-син. 3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын. 4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева