Редакцияот 16.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 16-июну УӨ №72           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ         Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын        21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму             (жалпы элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине                      өзгөртүү киргизүү тууралуу      Жарандардын референдумга катышууга укуктарына гарантияны камсыздоомаксатында,  Кыргыз  Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-апрелинин7-апрелиндеги №1 Декретине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Убакты-луу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апре-линдеги  №20  "Кыргыз  Республикасынын референдуму (жалпы элдик добушберүү) жөнүндө" Декрети менен бекитилген 2010-жылдын  27-июнуна  белги-ленген  Кыргыз Республикасынын референдумун (жалпы элдик добуш берүүнү)өткөрүүнүн Убактылуу тартибине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:     3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "3. Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлөт.     Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында киргизилген со-гуштук абалдын же өзгөчө абалдын шарттарында өткөрүлбөйт.     Эгерде өзгөчө  абал  айрым жерлерде киргизилген болсо,  референдуманда референдумга катышуучулардын тизмесине киргизилген жана ошол  жер-лердин  аймагында жашаган жарандардын саны Кыргыз Республикасынын рефе-рендумга катышуучулардын тизмесине киргизилген  жарандарынын  жарымынаназын түзгөн шартта өткөрүлөт.".     2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум  өткөрүү  боюнчаБорбордук комиссиясы өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин.     3. Бул Декрет жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева