Бишкек шаары2010-жылдын 11-июну УӨ №65 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларына жана Кара-Суу, Араван райондоруна өзгөчө абал киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарында жана Кара-Суу рай-онунда жаштар арасында чыккан кагылышууга байланыштуу, жарандардынкоопсуздугун камсыз кылуу жана абалды турукташтыруу максатында КыргызРеспубликасынын Убактылуу Өкмөтү 2010-жылдын 7-апрелиндеги Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн №1 Декретин жетекчиликке алып ушул,Декретти кабыл алат: 1. 2010-жылдын 11-июнунун 02.00 саатынан тартып 2010-жылдын 20-ию-нуна чейин саат 20.00дон тартып саат 06.00га чейинки коменданттык саат-тын мөөнөтү менен Кыргыз Республикасынын Ош жана Өзгөн шаарларында, Ка-ра-Суу, Араван райондоруна өзгөчө абал киргизилсин. 2. Өзгөчө абал киргизилген убакыт аралыгында Кыргыз Республикасы-нын Ички иштер министринин биринчи орун басары Алымбеков Бактыбек Ма-данбековичти Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларынын, ошондой эле, Кара-Суужана Араван райондорунун коменданты болуп дайындалсын. 3. Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларынын, Кара-Суу жана Араван район-дорунун коменданты Б.М.Алымбеков Кыргыз Республикасынын "Өзгөчө кырда-алдар жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамына ылайык адамдардын өмүрүнөкоркунуч келтирген массалык башаламандыктарды токтотуу, алдын алуу жанажоюу максатындагы иш-чараларды көрсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Ички иштер минист-рлиги, Ички иштер министрлигинин Ички аскери жана Кыргыз Республикасы-нын Улуттук коопсуздук кызматы: - Көргөзүлгөн аймактарда коомдук тартип орнотуу максатында Ош,Өзгөн шаарларынын жана Кара-Суу, Араван райондорунун комендантыБ.М.Алымбековдун жетекчилиги алдында бирдиктүү оперативдүү штаб түзсүн; - Адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген массалык башаламандыктардытоктотуу, алдын алуу жана жоюу максатындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруумаксатында Ош, Өзгөн шаарларынын жана Кара-Суу, Араван райондорунун ко-менданты Б.М.Алымбековго колдо болгон баардык күч жана каражаттар жагы-нан ар тараптуу көмөк көрсөтсүн. 5. Бул декрет кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева