Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 19-июну УӨ № 76
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө
2010-жылдын июнундагы окуялардан жабыркаган Ош жана Жалал-Абад шаарларын тез арада калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү, ошондой эле жарандардын жашоо-турмушу, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция)түзүлсүн.
2. Мамлекеттик дирекциянын башкы директорун Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы дайындайт жана анда Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басарынын статусу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөндөн кийин - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин статусу болот.
3. Мамлекеттик дирекциянын башкы директору төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин:
- бир апталык мөөнөттө Мамлекеттик дирекция жөнүндө жобонун, анын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин долбоорлорун;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын долбоорун;
- төмөнкүлөрдү түзүү боюнча сунуштарды:
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттарды топтоочу атайын фондду;
жогоруда аталган Атайын фонддун каражаттарын сарптоону контролдоо боюнча байкоо кеңешин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Мамлекеттик дирекцияны түзүү боюнча бардык уюштуруучу-техникалык жана финансылык маселелерди эки апталык мөөнөттө чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Мамлекеттик дирекциянын ишин каржылоо үчүн зарыл каражаттарды караштырсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
6. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |