Бишкек шаары2010-жылдын 27-июну УӨ № 83 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда, Ош облусунун Ош, Өзгөн шаарларында, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абалды узартуу жөнүндө Жарандардын коопсуздугун андан ары камсыз кылуу, коомдук тартиптижөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1
Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. 2010-жылдын 27-июнунан 22.00 сааттан баштап Кыргыз Республика-сынын Жалал-Абад облусунда, Ош облусунун Ош жана Өзгөн шаарларында, Ка-ра-Суу жана Араван райондорунда 21.00 сааттан 06.00 саатка чейин комен-данттык саат белгилөө менен өзгөчө абал 2010-жылдын 10-августуна чейинузартылсын. 2. Ушул Декрет кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева