Редакцияот 10.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 10-июну УӨ №62           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ                  Кыргыз Республикасында этил спиртинин                жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салууну              камсыздоо боюнча убактылуу чаралар жөнүндө      Этил спиртин чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекет-тик жөнгө салууну,  этил спиртин контрабандалык алып келүүгө жана конт-рафакт продукцияны чыгаруу үчүн пайдаланууга бөгөт коюуну, бюджетке са-лыктык төлөмдөрдүн толук түшүүсүн,  калктын ден соолугун сактоону  кам-сыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жыл-дын 7-апрелиндеги №1 Декретине таянып,  Кыргыз Республикасынын Убакты-луу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз  Республикасынын2009-жылдын 13-октябрындагы №269 "Этил спиртин жана алкоголдук продук-цияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйза-мы этил спиртин чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууга ти-ешелүү бөлүгүндө токтотула турсун.     2. "Кара-Балта  спирт  заводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртинчыгарууга, импорттоого, чыгарылган жана республикага импорттолуп келгенэтил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилсин.     3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө  министрлигинин  ал-дындагы  Этил  спиртин жана алкоголдук продукциялардын өндүрүлүшүн жанажүгүртүлүшүн контролдоо боюнча мамлекеттик инспекция этил спиртин чыга-рууга  жана  жүгүртүүгө  өтүнмөлөрдү кароону жана лицензияларды берүүнүтоктото турсун.     4. Этил спиртин пайдалануучу чарбакер субъекттер "Кара-Балта спиртзаводу" мамлекеттик ишканасына этил спиртин берүүгө жана сатууга жарак-туу контракттарды макулдашуу үчүн беришсин.     5. Кыргыз  Республикасынын  Экономикалык  тескөө  министрлиги   10күндүк  мөөнөттө  төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:     - "Этил  спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүр-түүнү мамлекеттик  жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-нын 11-беренесине ылайык этил спиртин чыгаруу көлөмүн жана/же жүгүртүү-нү декларациялоо тартиби жөнүндө жобонун долбоорун;     - Кыргыз  Республикасынын КМС 180 22005:2010 "Тамак-аш азыктарынынжана тоюттардын тизмегин көзөмөлгө алуу.  Системаны  долбоорлоого  жанаишке  киргизүүгө  жалпы принциптер жана негизги талаптар" улуттук стан-дартына ылайык Этил спиртин чарбакер субъекттерге берүүнүн жана  КыргызРеспубликасында  өндүрүлүүчү этил спиртин аны өндүрүү,  сактоо,  ташуу,сатуу жана экспорттоо стадияларында, ошондой эле республикага импортто-луучу этил спиртин көзөмөлгө алуунун тартиби жөнүндө жобонун долбоорун.     6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик  укуктук  актыларыушул Декретке каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.     7. Бул  Декреттин  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык тескөө  министрлигине,  Кыргыз  Республикасынын Финансылыкполиция мамлекеттик  кызматына  жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттиксалык кызматына  тапшырылсын,  алар ушул Декретти аткаруунун жүрүшү жө-нүндө ай  сайын Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн жыйындарындамаалымат берип турушсун.     8. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева