Бишкек шаары2010-жылдын 10-июну УӨ №63 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарандардын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кы-луу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын7-апрелиндеги №1 Декретине жетекчиликке алып, Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Эгерде референдумдун катышуучусу, ал референдумдун катышуучула-рынын тизмесине киргизилген участок жайгашкан жайга келүүмүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон жана ажыратуу күбөлүгү жок болгон учурларда,анда ал добуш берүү күнүндө өзү турган референдум участогунда добушберүүгө катышууга укуктуу экени белгиленсин. Мындай учурларда жаран тиешелүү референдум комиссиясына жүйөөлөрүнбаяндоо менен арыз берет жана референдумдун катышуучуларынын кошумчатизмесине киргизилет, паспорту же аны алмаштыруучу документи боюнча агадобуш берүү үчүн бюллетень берилет. 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү бо-юнча борбордук комиссиясы өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык кел-тирсин. 3. Ушул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева