Бишкек шаары2010-жылдын 1-июлу УӨ № 92 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2010-жылдын 18-январында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылды инвестициялоонун экинчи долбоорун кошумча финансылоо" боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамына"252 ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруумаксатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабылалат: 1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынынортосунда 2010-жылдын 18-январында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылдыинвестициялоонун экинчи долбоорун кошумча финансылоо" боюнча каржылоожөнүндө макулдашуу ратификациялансын. 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүүассоциациясына Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө киришиүчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белги-ленген тартипте кабарласын. 3. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева