Бишкек шаары2010-жылдын 24-июлу УӨ № 109 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын акчалай жана натуралай түрдө киреше иретинде алган каражаттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын бүлгүнгө учураган калктуу пункттарын калы-бына келтирүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнчамамлекеттик колдоо жана иш чараларды өткөрүү максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын жарандары коомдук иштерди аткаргандыгыүчүн акчалай жана натуралай түрдө киреше иретинде алган каражаттары ки-реше салыгы салынбаган киреше катары белгиленсин. 2. Кыргыз Республикасынын жарандарына коомдук иштерди аткаргандыгыүчүн эмгек акысынын суммасына камсыздандыруу взносу чегерилбей турган-дыгы белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана мигра-ция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууиштери боюнча улуттук агенттиги менен бирдикте акы төлөнүүчү коомдукиштерди уюштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби тууралуу Жобонун долбоо-рун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө кир-гизсин. 4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Декреткекарама каршы келбеген бөлүгүндө колдонула тургандыгы белгиленсин. 5. Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана2012-жылдын 31-декабрын кошуп алганда күчүндө болот. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева