Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 27-июлу УӨ № 111
Москва шаарында 2004-жылдын 9-июнунда кол коюлган Евразия экономикалык/ шериктештигинин Антикризистик фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу
1-берене.
Москва шаарында 2009-жылдын 9-июнунда кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигинин Антикризистик фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги атаган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп эсептелген ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетине билдирсин.
3-берене.
Бул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |