Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 27-июлу УӨ № 112
Астана шаарында 2006-жылдын 12-январында кол коюлган Евразия өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу
1-берене.
Астана шаарында 2006-жылдын 12-январында кол коюлган Евразия өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашууга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндөгү грамотаны депозитарий болуп эсептелген Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине депонирлесин.
3-берене.
Бул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |