Редакцияот 26.04.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 26-апрели УӨ № 25           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ               Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча                      министрлигин түзүү жөнүндө      Жаштар иштери  боюнча   мамлекеттик   органдын   ишин   уюштуруунуөркүндөтүү   максатында,  Кыргыз  Республикасынын  Убактылуу  Өкмөтүнүн2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып,  Кыргыз  Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми-нистрлигинин  алдындагы  Жаштар  иштери боюнча департаменттин базасындаага жаштар иштери боюнча милдеттерди өткөрүп берүү менен Кыргыз Респуб-ликасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги түзүлсүн.     2. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги:     - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн түзүмүнө, Кыргыз Рес-публикасынын жаштар иштери боюнча министри Кыргыз Республикасынын Убак-тылуу Өкмөтүнүн курамына кирери;     - жаштар иштери маселелери боюнча милдеттер бөлүгүндө Жаштар иште-ри боюнча департамент менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орношту-руу жана миграция министрлигинин  укугун  мурастоочу  болуп  эсептелерибелгиленсин.     3. Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги бир ай-лык мөөнөттө:     - Кыргыз Республикасынын Эмгек,  ишке орноштуруу жана миграция ми-нистрлиги  жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен биргеле-шип документтерди,  материалдык-техникалык баалуулуктарды,  каржыларды,штаттарды кабыл алууну-өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырсын;     - Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин жобо-сунун,  башкаруу схемасынын,  түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорло-рун,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек,  ишке  орноштуруу  жанамиграция  министрлигинин  жобосун  ушул Декретке ылайык келтирүү боюнчасунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин.     4. Төмөнкүлөр белгиленсин:     - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары  ушул  Декреткекаршы келбеген бөлүгүндө колдонулары;     - Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери  боюнча  министрлиги  мурдаКыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондуна таандык кылынган имаратта жай-гаштырылууга тийиш экендиги.     5. Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик мүлк министрлиги ушул Дек-реттин 4-пунктунда көрсөтүлгөн имаратта Кыргыз  Республикасынын  Жаштариштери боюнча министрлигин жайгаштыруу боюнча чараларды көрсүн.     6. Ушул Декреттин аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.     7. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева