Бишкек шаары2010-жылдын 1-июлу УӨ № 86 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апрелиндеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүү жөнүндө" Декретине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Маалымат маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюштуруунуөркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн2010-жылдын 7-апрелиндеги №1
Декретин жетекчиликке алып Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-апре-линдеги № 26 "Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигин түзүүжөнүндө"
Декретине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: -
Декреттин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Рес-публикасынын Маданият жана маалымат министрлиги жөнүндө"; - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттикагенттиги Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги бо-луп кайра түзүлсүн."; -
Декреттин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Маданият ми-нистрлиги" деген сөздөр түрдүү жөндөмөдө "Маданият жана маалымат ми-нистрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - 2-пункттун экинчи абзацындагы "маданият министри" деген сөздөр"маданият жана маалымат министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. Бул
Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева