Бишкек шаары2010-жылдын 1-июлу УӨ № 87 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттигин түзүү жөнүндө Кинематография маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюшту-рууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алуу менен КыргызРеспубликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематог-рафия агенттиги түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги: - кинематографиянын функцияларын жана мамлекеттик уюмдарын КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги-не өткөрүп берсин; - өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематог-рафия агенттиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Мамлекеттик кинематография агенттигинин жобосунун жана башкаруусхемасынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бе-китүүгө киргизсин. 4. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Дек-ретке карама каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин. 5. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спортбөлүмүнө жүктөлсүн. 6. Бул Декрет расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева