Бишкек шаары2010-жылдын 1-июлу УӨ № 88 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жөнүндө Кыргыз тилинин укуктук негизин өнүктүрүү жана чыњдоо, конституция-лык статусун жогорулатуу маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишинуюштурууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып Кыр-гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маданиятагенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча департамент-тин базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттиктил боюнча улуттук комиссия түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тилбоюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалыматминистрлиги менен бирдикте бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксынжана белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин: - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил бо-юнча улуттук комиссиянын Жобосунун жана башкаруу схемасынын долбоорло-рун; - ушул Декреттен келип чыгуучу башка нормативдик укуктук актылар-ды. 3. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Дек-ретке карама каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин. 4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн. 5. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева