Бишкек шаары2010-жылдын 12-августу УӨ №119 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "Фаберон" жоопкерчилиги чектелген коомунун акцияларынын 44,08877 процентин жана "Топ Инвест" жабык акционердик коомунун акцияларынын 6,36817 процентин мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 20-ию-лундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1
Декретине ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунунуставдык капиталындагы "Фаберон" жоопкерчилиги чектелген коомунун акци-яларынын 44,08877 проценти жана "Топ Инвест" жабык акционердик коомунунакцияларынын 6,36817 проценти мамлекеттештирилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги аталган ко-омдордун акцияларынын мамлекеттештирилишине байланыштуу аларды каттоонукамсыздасын жана мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу башка маселелердичечсин. 3. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу, анын ичиндемамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышканзарыл чараларды көрүшсүн. 4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн. 5. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева