Бишкек шаары2010-жылдын 12-апрели УӨ № 9 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматын жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-деги № 1 Декретинин негизинде: 1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы милдеттерин,тиешелүү штаттарын, документтерин жана материалдык-техникалык каражат-тарын төмөнкүлөргө өткөрүп берүү менен жоюлсун: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына- алар туруктуу жана убактылуу жайгашкан жерлеринде мамлекеттик күзөтобъекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө; - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине - чет мамлекеттердинбашчыларын тосууда жана Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтындаорнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин алдында кайта-руу кызматын өтөө боюнча. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматыжана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги өткөрүп берилген милдет-терге жараша Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын укугунмурастоочулар болуп саналат. 3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынажана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүлөр тапшырыл-сын: - эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөткызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюн-ча сунуштарды киргизүү; - ушул Декреттен келип чыккан башка чараларды көрүү жана өз чечим-дерин ушул Декретке ылайык келтирүү. 4. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева