Бишкек шаары2010-жылдын 19-июлу УӨ № 97 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "СК Идеал Хаус" жоопкерчилиги чектелген коому мыйзамсыз курган курулмаларды мамлекеттин менчигине өткөрүү жөнүндө "СК Идеал Хаус" жоопкерчилиги чектелген коому максаттуу багытынбузуу менен жерди пайдалангандыгына байланыштуу Кыргыз РеспубликасынынБашкы прокуратурасынын 2010-жылдын 1-июлундагы сунушунун негизинде жанаКыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декрет-ти кабыл алат: 1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн2008-жылдын 4-июнундагы № 210 "СК Идеал Хаус" жоопкерчилиги чектелгенкоомуна жер участогун айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн ижара шартта-рында 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө" токтомужокко чыгарылсын. 2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн айма-гындагы айыл чарба багытындагы жер участогуна "СК Идеал хаус" жоопкер-чилиги чектелген коому мыйзамсыз курган курулмалар мамлекеттин менчиги-не өткөрүлсүн. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-луш мамлекеттик агенттиги ушул Декреттин 2-пунктунда аталган, мыйзамсызкурулган объекттер боюнча сунуштарды 10 күндүк мөөнөттө Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтүнө киргизсин. 4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн. 5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева