Редакцияот 19.07.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 19-июлу УӨ №101           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ                ЯК-40 самолетун мамлекеттештирүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Башкы  прокуратурасынын 2010-жылдын 16-ию-нундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмө-түнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республика-сынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Борттук  номери  EХ-00007,  1975-жылы чыгарылган ЯК-40 самолетумамлекеттештирилсин.     2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги ЯК-40 само-летун мамлекеттештирүүгө байланыштуу:     - аталган самолетту балансына алсын жама сакталышын камсыздасын;     - самолетту мамлекеттештирүүдөн келип  чыгуучу  башка  маселелердичечсин.     3. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу  зарыл  чара-ларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөөменен байланышкан чараларды көрүшсүн.     4. Бул  Декреттин  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.     5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштан күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева