Редакцияот 19.07.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 19-июлу УӨ № 103           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ             Мүлктү мажбурлап алуу тартибин бекитүү жөнүндө      Кыргыз Республикасынын   Убактылуу   Өкмөтүнүн    мамлекеттештирүүжөнүндө  декреттерин ишке ашыруу максатында жана Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыр-гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Тиркелген: Мүлктү мажбурлап алуу тартиби бекитилсин.     2. Кыргыз  Республикасынын  Убактылуу  Өкмөтүнүн  мамлекеттештирүүжөнүндө декреттеринде мүлктү мамлекеттештирүү деп ушул мүлктөрдүн  нар-кын жана мүлктү алуунун айынан келтирилген башка чыгымдардын ордун мил-деттүү түрдө толтурбай мүлктөрдү мажбурлап алуу түшүндүрүлөт.     Мамлекеттин менчигине  мажбурлап  алынуучу  айрым объекттер боюнчаКыргыз Республикасынын  Убактылуу  Өкмөтүнүн  мамлекеттештирүү  жөнүндөдекреттеринде  мажбурлап алынуучу мүлктү сатып алган ээси төлөгөн акча-лай сумманы кайтарып берүү каралышы мүмкүн.     3. Кыргыз  Республикасынын  нормативдик укуктук актылары ушул Дек-ретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.     4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева                                                     Кыргыз Республикасынын                                                  Убактылуу Өкмөтүнүн                                               2010-жылдын 19-июлундагы                                                  № 103 Декрети менен                                                      бекитилген                        Мүлктү мажбурлап алуунун                                ТАРТИБИ      1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекет-тештирүү жөнүндө декреттеринде көрсөтүлгөн мүлктү мамлекеттин менчигинемажбурлап алуунун тартибин белгилейт.     2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жө-нүндө декреттеринде  мамлекеттештирилчү  мүлк деп укук коргоо органдарытекшерүү жүргүзүү  процессинде  аныкташкан жана К.Бакиевдин үй-бүлөсүнөжана чөйрөсүндөгүлөргө тиешелүү, 2005-жылдан 2010-жылга чейинки мезгил-де баасын белгилебестен менчиктештирилген мүлктү түшүнүү керек.     3. Мамлекеттештирүү  жөнүндө декреттерге ылайык мүлктү мамлекеттинменчигине мажбурлап алып коюуда ал мүлктүн наркын төлөөнү же ал мүлктүккайра  алууну мүлктү мамлекеттик менчикке мажбурлап алуу боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу  орган)  соттункүчүнө кирген чечиминин негизинде ишке ашырылат.     Мажбурлап алып коюлган мүлктүн наркынын төлөнүшү Кыргыз  Республи-касынын  Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө декреттеринде ка-ралышыы мүмкүн.     4. Мүлктү  Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттеш-тирүү жөнүндө декреттерине ылайык мажбурлап алууда төмөнкүдөй жол-жобо-лор ишке ашырылат:     1) мүлктү инвентаризациялоо;     2) зарыл болсо, баалоо иштерин жүргүзүү;     3) мамлекеттик менчикке кабыл алуу;     4) тышкы жана убактылуу башкаруучуларды дайындоо;     5) мүлктү каттоо (кайра каттоо);     6) башкаруу органын дайындоо.     Инвентаризацияны ыйгарым укуктуу орган түзүүчү комиссия ишке  ашы-рат.  Инвентаризациянын  жыйынтыгы  акты менен таризделип,  аны ыйгарымукуктуу орган бекитет.     Зарыл болсо баалоочуларды (баалоочу уюмдарды) белгиленген тартиптеишке тартуу менен баалоо иштери жүргүзүлөт.     7. Ыйгарым  укуктуу орган мажбурлап алынган мүлктү пайдалануу тар-тиби боюнча тийиштүү чечим чыгарат.     8. Ыйгарым   укуктуу  орган  мүлктүн  сакталышын,  тийиштүү  түрдөкүтүлүшүн,  инвентаризациялоо боюнча  комиссиянын  жана  баалоочулардынишине  жардамды камсыздоо үчүн тышкы жана убактылуу башкаруучуларды да-йындайт.     9. Мамлекеттик  каттоо  кызматынын  органдары мамлекеттик каттоону(кайра каттоону) төмөнкүдөй негизги документтердин негизинде ишке  ашы-рууга милдетүү, алар:     - мүлктү кабыл алуу (өткөрүү-кабыл алуу) актысы жана  инвентариза-циялоо актысы;     - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декрети.     10. Финансылык  рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган Кыргыз  Республикасынын  Убактылуу  Өкмөтүнүнмамлекеттештирүү  жөнүндө  декреттерин  мамлекеттик  менчикке мажбурлапалынуучу акцияларды кайра каттоо жагында ишке ашырууну камсыздоого мил-деттүү.     Кыргыз Республикасынын   Убактылуу   Өкмөтүнүн    мамлекеттештирүүжөнүндө декреттерине ылайык алынчу акциялардын реестр кармоочусу болгонюридикалык жактар аларды аталган декреттердин негизинде кайрадан катта-тууга милдеттүү.     11. Юстиция органдары Кыргыз Республикасынын  Убактылуу  Өкмөтүнүнмамлекеттештирүү  жөнүндө  декреттерин  үлүштөрү  мамлекеттин пайдасынаалынып жаткан юридикалык жактарды кайрадан каттоо жагында ишке ашыруунукамсыздоого милдеттүү.     12. Мүлккө юридикалык жактардагы акцияларга  жана  үлүштөргө  укуккоргоо  органдары  тарабынан  салынган арест аларды мамлекетке каттоону(кайра каттоону) ишке ашырууга тоскоол болбойт.     13. Мажбурлап  алып  коюу процессин жүргүзүүгө,  анын ичинде тышкыжана убактылуу башкаруу жол-жобосун,  баалоо, аудитордук, консультация-лык, эксперттик жумуштарды ишке ашырууга, алынчу мүлктүн сакталышын жа-на көрсөтүлгөн объекттердин тийиштүү түрдө иштешин  камсыздоого  байла-ныштуу чыгымдар, ошондой эле мажбурлап алып коюу жол-жобосун жүргүзүүдөболуучу башка чыгымдар республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жа-былат.     Ыйгарым укуктуу орган мажбурлап алынчу мүлккө менчик укугун кайра-дан тариздөөгө байланыштуу бардык чыгымдардан бошотулат.