Бишкек шаары2010-жылдын 19-июлу УӨ № 104 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "Чакан ГЭС" ачык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 28-ию-нундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому мамлекеттештирилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Чакан ГЭС"ачык акционердик коомун (мындан ары - "Чакан ГЭС" ААКы) мамлекеттеш-тирүүгө байланыштуу: - "Чакан ГЭС" ААКынын активдерин сактоону камсыз кылсын; - "Чакан ГЭС" ААКынын башкаруу органдарын белгиленген тартипте да-йындасын; - "Чакан ГЭС" ААКын мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка маселе-лерди чечсин. 3. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чара-ларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөөменен байланышкан чараларды көрүшсүн. 4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн. 5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева