Бишкек шаары2010-жылдын 19-июлу УӨ № 106 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "Нарынатайынгидроэнергиямонтаж" ачык акционердик коомунун акцияларынын 71,3794 процентин мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 28-ию-нундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. "Нарынатайынгидроэнергиямонтаж" ачык акционердик коомунун (мын-дан ары - "Нарынатайынгидроэнергиямонтаж" ААКы) акцияларынын "Эмгек"жабык акционердик коомуна 35,6897 проценти, "Ампир групп" жоопкерчилигичектелген коомго 35,6897 проценти таандык болгон 71,3794 проценти мам-лекеттештирилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Нарыната-йынгидроэнергиямонтаж" ачык акционердик коомунун акцияларынын 71,3794процентин мамлекеттештирүүгө байланыштуу: - "Нарынатайынгидроэнергиямонтаж" ААКынын активдерин сактоону кам-сыз кылсын; - "Нарынатайынгидроэнергиямонтаж" ААКынын башкаруу органдарын бел-гиленген тартипте дайындасын; - "Нарынатайынгидроэнергиямонтаж" ААКынын акцияларынын 71,3794процентин мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка маселелерди чечсин. 3. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чара-ларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөөменен байланышкан чараларды көрүшсүн. 4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн. 5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева