Бишкек шаары2010-жылдын 10-июну УӨ № 64 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы №40 "Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясын кабыл алуу боюнча ре-ферендум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 40
Декретинин мамлекет-тик жана расмий тилдердеги тексттеринин мазмунунун өз ара бирдейлигинкамсыздоо, ошондой эле добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилген мамле-кеттик тилдеги маселенин айкындыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-ма-йындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын жањы Конституциясын кабыл алуу бо-юнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө"
Декретинин мамле-кеттик тилдеги текстине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) долбоорлору Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан сунушталган Кыргыз Республика-сынын Конституциясы жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдо-нууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын". 2. Бул Декрет "Эркин Тоо" гезитине жарыялансын. 3. Бул Декрет кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева