Бишкек шаары2010-жылдын 28-июлу УӨ № 113 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын натыйжасында зыян келтирилген ишкердиктин субъекттеринин кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, айыптык санкциялар боюнча карыздарын кайра түзүмдөштүрүү жана кайтарымсыз карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө Болтурбоого болбогон окуялардын жүрүшүндө чыгым тарткан салыктөлөөчүлөрдүн каржы-экономикалык абалына колдоо көрсөтүү максатында,Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1
Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүушул Декретти кабыл алды: 1. Ушул Декрет 2010-жылдын апрелиндеги окуялардын натыйжасында зы-ян келтирилген салык төлөөчүлөрдүн салыктарды, бажы төлөмдөрүн жанамилдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүк үчүн кошупэсептелген пайыздар, туумдар, айып санкциялары боюнча карыздарын кайратүзүмдөштүрүү жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт. 2. 2010-жылдын апрелиндеги окуялар салык, бажы максаттарында жанамамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттарында болтурбоого болбогонкүчтүн жагдайларынын аныктамасына туш келген өзгөчө жагдайларга тие-шелүү болоору белгиленсин. 3. Ушул Декретте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: салык төлөөчү - алардын уюштуруучулук-укуктук түрүнө, ишининтүрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө жана/же болтурбоого болбо-гон күчтүн жагдайларынын аракетинин натыйжасында зыян келтирилген салыксалуу объектинин бар экендигине карабастан экономикалык ишти жүзөгөашыруучу жеке жак, жеке ишкер, уюм, өзгөчөлөнгөн бөлүкчө, туруктуу ме-кеме; пайыздар - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
76 жана
79-бе-ренелери менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 248-беренесинеылайык бажы төлөмдөрүн, салыктарды жана жыйымдарды белгиленген мөөнөттөөз убагынан төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген суммалар; туум - салыктарды, бажы төлөмдөрүн, жыйымдар менен милдеттүү кам-сыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген, аларды салыктөлөөчү "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамынын
26-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-нин
71-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин
260-бере-несине ылайык төлөөгө милдеттүү болгон акчалай суммалар; айып санкциялары - Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекс-тери менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдардынченемдерин бузгандык үчүн кошуп эсептелген суммалар; карыз - белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктар, бажы төлөмдөрүжана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү менен алар боюнча кошуп эсеп-телген пайыздар, туумдар жана айып санкциялар; өндүрүмсүз карыз - юридикалык жана жеке жактардын салыктар, бажытөлөмдөрү жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы, аныалуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтому менен түзүлүүчүжабыр тарткандарды социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттиккомиссиянын сунуштамасынын негизинде аныкталуучу жана болтурбоого бол-богон жагдайлардын натыйжасында карызкордун төлөөгө жөндөмсүздүгүнүнсебеби боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өзүнчө Декре-тине ылайык эсептен чыгарылуучу экономикалык, социалдык жана юридикалыкмүнөздөгү себептердин айынан мүмкүн эмес (өндүрүмсүз) деп табылат; карызды кайра түзүмдөштүрүү - салык төлөөчүлөрдүн салыктык, бажытөлөмдөрү жана милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын тынды-руунун шарттарын өзгөртүү, аны тындыруунун мөөнөтү жарым-жартылай жетолук эсептен чыгаруу усулу менен тындырууга карата аларга кыйла жагым-дуу шарттарды берүү жолу менен келип чыгат; жабыр тарткандардын тизмеги (тизмеси) - салык төлөөчүлөрдүн2010-жылдын апрель окуяларынын натыйжасында келтирилген экономикалыкзыянды аныктоо боюнча комиссия тарабынан белгиленүүчү жана Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү атайын тизме-ги. 4. 2010-жылдын 1-апрелине абал боюнча белгиленген салыктарынын,милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана бажы төлөмдөрүнүн, ошондойэле утурумдук салык, бажы жана социалдык төлөмдөрүнүн негизги суммаларыбоюнча карызды тындырган салык төлөөчүгө пайыздар, туумдар жана айыпсанкциялары төмөнкү тартипте эсептен чыгарылат: а) 2010-жылдын 31-декабрына чейин - 100 пайызга; б) 2011-жылдын 31-июнуна чейин - 50 пайызга; в) 2011-жылдын 31-декабрына чейин - 25 пайызга. 5. Утурумдук салыктар менен милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн өзубагында төлөгөн учурда салыктардын, милдеттүү камсыздандыруутөгүмдөрүнүн жана бажы төлөмдөрүнүн негизги суммалары боюнча карызынтындырган салык төлөөчүгө пайыздардын жана айып санкцияларынын суммасыушул Декреттин 4-пунктунун а) пунктчасы менен аныкталган тартипте эсеп-тен чыгарылат. 6. Кайра түзүмдөштүрүү жүргүзүлгөндөн кийин салык төлөөчү карыздынкалган бөлүгүн төлөөнүн мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-нин
76-беренесинин талаптарына ылайык узартууга укуктуу. 7. Салык төлөөчү ушул Декреттин 4 же 5-пункттарына ылайык бир жол-ку эсептен чыгаруу жана 6-пунктуна ылайык төлөө мөөнөтүн бир жолу узар-туу укугунан пайдаланылат. 8. Салыктардын жана жыйымдардын негизги суммалары боюнча кайратүзүмдөштүрүүчү карызды тындыруунун датасы эсепти казыначылыктын реги-ондук бөлүмүндө сумманы кошуп эсептеген дата эсептелет. 9. Кайра түзүмдөштүрүүчү карызды тындыруу максатында ашыкчатөлөмдүн суммасына КНСтин нөлдүк ставкасы бар жөнөтүүлөрдүн эсебиненпайда болгон ашыкча төлөө киргизилбейт. 10. Болтурбоого болбогон күчтүн жагдайларынын аракетинин натыйжа-сында зыян келтирилген ишкердиктин субъекттеринин карыздарынын ашыкчатөлөөсү төмөнкү тартипте пайдаланылат: адегенде 2010-жылдын 1-апрелинеабал боюнча болгон карыздар тындырылып, ал эми көрсөтүлгөн сумма ашыктөлөөнүн калганы көрсөтүлгөн суммадан ашып кеткен учурда Кыргыз Респуб-ликасынын Салык
кодекси менен белгиленген тартипте тындырылат. 11. Өз ишин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, аларбоюнча салык жана бажы жењилдиктери каралган, мыйзам менен белгиленгентартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын ратификацияланган эл ара-лык келишимдеринин жоболоруна ылайык жүзөгө ашыруучу субъекттердин ка-рыздары кайра түзүмдөштүрүлүүгө тийиш эмес. 12. Колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруушул Декреттин ченемдерине каршы келген учурда ушул Декреттин жоболоруколдонулат. 13. Ушул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева