Бишкек шаары2010-жылдын 28-июлу УӨ N 116 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен экономикалык зыян келтирилген ишкердик субъекттеринин бажылык жана социалдык төлөмдөрдү төлөөсүн кийинкиге калтыруу жана/же мөөнөтүн узартуу жөнүндө 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен зыянкелтирилген ишкердик субъекттерин колдоо, ошондой эле туруктуу экономи-калык өнүктүрүүнүн натыйжалуу саясатын андан ары жүргүзүү, ишкердиксубъекттерин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, КыргызРеспубликасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Дек-ретин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушулДекретти кабыл алат: 1. 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялар өзгөчө кырдаал-дар катары таанылаары белгиленсин, алар бажылык максаттарда жана мамле-кеттик социалдык камсыздандыруу максаттарында болтурбоого болбогонкүчтөрдүн жагдайы катары аныкталат. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кыз-маты болтурбоого болбогон күчтөрдүн жагдайынын жүрүшүндө экономикалыкзыян келтирилген ишкердик субъекттерине бажылык төлөмдөрдү төлөөнү кам-сыз кылбастан жана кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып берген-диги үчүн процент албастан бажылык төлөмдөрдү төлөөнү алты айга чейинкимөөнөткө кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып берсин. 3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду болтурбоого болбогонкүчтөрдүн жагдайынын жүрүшүндө экономикалык зыян келтирилген ишкердиксубъекттерине камсыздандыруучу төгүмдөр жана финансылык санкциялар бо-юнча карыздардын суммасын төлөөнү банктык кепилдикти, күрөөнү талапкылбастан жана кийинкиге калтырып жана/же мөөнөтүн узартып бергендигиүчүн процент албастан "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мөөнөткө кийинкиге калтырыпжана/же мөөнөтүн узартып берсин. 4. Кийинкиге калтыруу жана/же мөөнөтүн узартуу болтурбоого болбо-гон күчтүн жагдайынын кесепетинен келтирилген экономикалык зыянды анык-тоо боюнча комиссия аныктаган жана Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтү бекиткен тизмеге киргизилген ишкердик субъектине берилишимүмкүн. 5. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Дек-ретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин. 6. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева