Бишкек шаары2010-жылдын 26-апрели УӨ № 32 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Мунапыс жөнүндө Адамдын жалпы кабыл алынган укуктарына жана эркиндиктерине урматкөрсөтүү, гуманизм жана ырайымдуулук принциптерине негизденүү менен,Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги №1
Декретине таянып, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жењиштин 65 жылдыгынабайланыштуу жана 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги кайгылуу окуяларга катыш-кан баатырлардын урматына Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ток-том кылат: 1-берене. Төмөнкүлөр жазык жоопкерчилигинен жана жазалоодон бошотулсун: 1) СССРдин жана Кыргыз Республикасынын таламдарын коргоо боюнчасогуштук аракеттерге, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун залал-дарын жоюуга катышкан адамдар; 2) ушул Декреттин 1-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардынжесирлери; 3) 55 жаштан өткөн аялдар; 4) 60 жаштан өткөн эркектер; 5) үй-бүлөдө бирден бир багуучу болгон, кеминде жашы жете элек экибаласы же багуусунда I топтогу майып ата-энеси бар адамдар; 6) I жана II топтогу майыптар жана III, IV стадиядагы онкологиялыкоорулуулар; 7) 5 жылдык мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жете электер; 8) ушул Декрет күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлө элекбөлүгү бир жылга жетпеген адамдар; 9) оор эмес жана анча оор эмес кылмыш жасаган адамдар, ушул Дек-реттин 2-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдардан башка-лар; 10) эркиндигинен ажыратууга сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө би-ринчи жолу соттолгон адамдар; 11) Ош облусунун Ноокат районундагы окуялар боюнча жазыктык жоопкотартылган жана соттолгон адамдар. 2-берене. Ушул Декрет күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасынөтөп жаткан жерге, камакта турган жерге жана аскердик кызмат өтөп жат-кан жерге ыктыяры менен келишкен адамдар Кыргыз Республикасынын Кыл-мыш-жаза кодексинин 336-беренесинин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө(эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу), 337-беренесинде (эр-киндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу), 359-беренесинде(бөлүктү же кызмат өтөгөн жерин өз эркинче таштап кетүү), 360-беренеси-нин биринчи бөлүгүндө (аскерден качуу) каралган кылмыштар үчүн жазыкжоопкерчилигинен бошотулсун. 3-берене. Бул Декреттин 1-беренеси ушул Декреттин 1-беренесинин 11-пунктундакөрсөтүлгөндөрдөн тышкары төмөндөгү адамдарга карата колдонулбайт: 1) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
97-беренесинде,104-беренесинин экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 129-берене-синде, 132, 133-беренелеринде, 164-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө,165-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө, 166-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө,167-беренесинде, 168-беренесинин экинчи, үчүнчү жана төртүнчүбөлүктөрүндө, 170-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө, 172, 172-1, 172-2,177-беренелеринде, 183-беренесинде, 204-беренесинин үчүнчү жанатөртүнчү бөлүктөрүндө, 208-беренесинин экинчи бөлүгүндө, 213-беренеси-нин экинчи бөлүгүндө, 221-беренесинде, 226, 227, 229-232-беренелеринде,233-беренесинин биринчи, экинчи бөлүктөрүндө, 234-беренесинин үчүнчүбөлүгүндө, 245-беренесинде, 246-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө, 247,248-беренелеринде, 249-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө, 250-беренесининэкинчи бөлүгүндө, 292, 296, 298-беренелеринде, 299-беренесинин экинчибөлүгүндө, 303-316-беренелеринде, 321-1, 322, 326-беренелеринде,336-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө, 340-беренесинде, 341-беренесининэкинчи бөлүгүндө, 345, 350, 353, 373-376-беренелеринде каралган кылмыш-тарды жасаган адамдарга; 2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97, 129-беренеле-ринде, 164-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө, 165-беренесинин төртүнчүбөлүгүндө, 167-беренесинин төртүнчү бөлүгүндө, 168-беренесинин үчүнчүжана төртүнчү бөлүктөрүндө, 226, 227, 229-232-беренелеринде, 233-бере-несинин биринчи, экинчи бөлүктөрүндө, 245-беренесинде, 246-беренесининтөртүнчү бөлүгүндө, 247, 248-беренелеринде, 249-беренесинин үчүнчүбөлүгүндө, 250-беренесинин экинчи бөлүгүндө, 292-296, 298-беренелерин-де, 299-беренесинин экинчи бөлүгүндө, 345, 373-376-беренелеринде карал-ган кылмыштарды жасаган жашы жете элек адамдарга. 4-берене. 1. Ушул Декреттин 1-беренесинин күчү колдонулбачу адамдардын жаза-сынын өтөлө элек бөлүгү төмөнкүдөй кыскартылсын: 1) соттолуп, жатак колонияларда жазасын өтөп жаткандарга - жарымы-на; 2) 5 жылдык мөөнөткө чейин эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго- жарымына; 3) 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондор-го - үчтөн бирине; 4) 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондор-го - төрттөн бирине; 5) 15 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго- бештен бирине; 6) 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон,жазасын тарбиялоо колонияларында өтөп жаткан жашы жете электерге - жа-рымына; 7) 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон,жазасын тарбиялоо колонияларында өтөп жаткан жашы жете электерге -үчтөн бирине. 2. Ушул Декретке ылайык жазалоо мөөнөтү кыскартылган адамдарга булДекрет жарыялангандан кийин алты айлык мөөнөттө жаза мөөнөтүн жањычаэсептөө жана жазасын өтөөнүн аяктоо датасы жөнүндө расмий маалымат бе-рилүүгө тийиш. 5-берене. Бул Декреттин колдонулушу төмөнкү адамдарга жайылтылбайт: 1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго; 2) өлүм жазасы өмүр бою эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылган,ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эр-киндигинен ажыратуу менен алмаштырылган адамдарга; 3) жаза өтөө мезгилинде атайылап кылмыш жасаган адамдарга, ушулДекреттин 2-беренесинде көрсөтүлгөндөн башка адамдарга; 4) атайылап оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн мурда мунапысже ырайым кылуу актысы колдонулган адамдарга, ушул Декреттин 1-берене-синде көрсөтүлгөндөн башка адамдарга; 5) жазаны өтөө режимин такай бузгандарга; 6) эки же андан ашык кылмыш жасагандарга, эгерде ал кылмыштардынбири ушул Декреттин колдонулушуна туура келбесе. 6-берене. 1. Бул Декреттин колдонулушуна Кыргыз Республикасынын соттору та-рабынан соттолгон, ошондой эле башка мамлекеттердин соттору тарабынансоттолгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жатканадамдар туш келет. 2. Бул Декретти Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттол-гон, бирок жазасын андан тышкары жерде өтөп жаткан адамдарга каратаколдонуу жөнүндө маселе Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналганжана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер-дин негизинде чечилет. 7-берене. Жазасын өтөп жаткан жана айланадагылар үчүн коркунуч туудурган оо-рулар (кургак учук, карантиндик инфекциялар, жыныстык оорулар) мененооруган адамдарга, ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларыдайындалган жана ушул Декретке ылайык жазадан бошотуу каралган адамдар-га карата мунапыс актысы зарыл дарылоо курсун аяктагандан кийин колдо-нулат. 8-берене. Бул Декретти колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамга ка-рата жекече кабыл алынат. Соттолгон адам жөнүндө зарыл маалыматтар жокболсо, бул Декретти колдонуу жөнүндө маселени кароо кошумча материал-дарды алганга чейин кийинкиге калтырылат. Бул Декретти аткаруужүктөлгөн органдарга мунапыс актысын колдонууга байланыштуу маселелердичечүү үчүн тийиштүү мекемелерден зарыл материалдарды суратуу укугу бе-рилет. Мындай суроо-талаптарды бардык уюмдар жана мекемелер, ошондойэле кызмат адамдары дароо аткарууга тийиш. 9-берене. Бул Декретти жаза мөөнөтү мурда ырайым кылуу же мунапыс тартибиндекыскартылган адамдарга карата колдонууда ырайым кылуу же мунапысжөнүндө актыга ылайык белгиленген жаза мөөнөтүнө негизденүү керек. 10-берене. Бул Декреттин 4-беренесин колдонууда ушул Декрет күчүнө киргенкүнгө карата жазанын өтөлө элек мөөнөтүнө негизденүү керек. 11-берене. 1. I жана II топтогу майыптар деп ушул Декрет күчүнө кирген учургакарата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык майыптыгы белгиленгенадамдарды эсептөө керек. 2. 55 жаштан өткөн аялдар деп ушул Декрет күчүнө кирген учурга ка-рата 55 жашка чыккан жана андан өткөн аялдарды эсептөө керек. 3. 60 жаштан өткөн эркектер деп ушул Декрет күчүнө кирген учургакарата 60 жашка чыккан жана андан өткөн адамдарды эсептөө керек. 4. Жашы жете электер деп ушул Декрет күчүнө кирген учурга каратаон сегиз жашка толо элек адамдарды эсептөө керек. 12-берене. Бул Декретти аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн: 1) жазаны аткарууну тескеген органдарга - түзөтүү мекемелериндежүргөн соттолгондорго карата; 2) тергөө жана прокуратура органдарына - кылмыш жөнүндө иши жанаматериалдары ошол органдардын өндүрүшүндө турган адамдарга карата; 3) сотторго: - кылмыш жөнүндө иши сот өндүрүшүндө турган жана ушул Декреткүчүнө киргенге чейин карала элек адамдарга карата; - өкүмдү аткаруу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин72-беренесине ылайык кийинкиге калтырылган соттолгон адамдарга карата; - жазык-аткаруу инспекцияларына - сыноо мөөнөтү менен шарттуутүрдө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата, ошондой элежазадан шарттуу түрдө - мөөнөтүнөн мурда бошотулган жана жазык-аткарууинспекциясынын контролдугу алдында турган адамдарга карата; - аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгына - сыноомөөнөтү менен шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратууга соттолгон аскеркызматчыларына карата, ошондой эле тартиптик аскер бөлүктөрүндө кармоо-го соттолгон аскер кызматчыларына карата. 13-берене. 1. Бул Декреттин 1, 4-беренелеринде көрсөтүлгөн адамдарга каратамунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим ушул Декреттин 1-беренесинин11-пунктунда айтылгандан башка адамдарга алар өкүм менен аныкталган ма-териалдык зыяндын кеминде 1/2 бөлүгүнүн ордун толтурушкандан кийин ка-был алынат. 2. Тергөөчүлөр, түзөтүү мекемелеринин жана жазык-аткаруу инспекци-яларынын начальниктери, аскердик бөлүктөрдүн командачылыгы кабыл алганмунапыс актысын колдонуу жөнүндөгү токтомго прокурор санкция берет. 3. Сот тарабынан мунапыс актысын колдонууда прокурордун катышуусумилдеттүү болот. 14-берене. Мунапыска туш келген адамдар кошумча жазадан бошотулбайт. 15-берене. Бул Декреттин колдонулушуна ушул Декрет күчүнө киргенге чейин кыл-мыш жасаган, Кыргыз Республикасында 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгонкайгылуу окуяларга күнөөлүүлөрдөн башка адамдар туш келет. 16-берене. 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат: 1) ушул Декреттин негизинде жазадан бошотулган жашы жете электердиалар жашаган жерине келгенде өз убагында каттоого алууга, аларды ишкеорноштурууга же ата-энелеринин же аларды алмаштырган адамдардынкөзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болсо жашаган жерине келген күндөнтартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды балдар үйлөрүнө, жа-так-мектептерге жайгаштырууга, жашы жете электердин укуктарын коргообоюнча ыйгарым укуктуу органдардын, ички иштер органдарынын, коомдукуюмдардын жана эмгек жамааттарынын жаза өтөөдөн бошогон жашы жете элек-терди тарбиялоо боюнча иштерин координациялоону; 2) ушул Декреттин негизинде бошонгон бардык адамдарды өз убагындакаттоого алууну уюштурууга, аларды жашаган жерине келген күндөн тартыпэки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен ишке жана тиричилик жагынан жай-гаштырууну; жазасын өтөөдөн бошогон, багуусуна ала турган туугандарыжок майыптарды жана кары-картањдарды майыптар же картањдар үчүн үйлөргөжайгаштырууну уюштурууга. 2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-касынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы башка органдарменен бирдикте жазасын өтөөдөн бошотулган, кургак учуктун оор түрү ме-нен ооругандарды белгиленген тартипте каттоого алууну жана атайын дары-лоо мекемелерине жиберүүнү уюштурушсун. 3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бул Декреттин такжана бирдей аткарылышына көзөмөлдү камсыздасын. 17-берене. 1. Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Тергөөнүн өндүрүшүндө турган жазык иштери жана материалдар,ошондой эле соттун өндүрүшүндө турган жана ушул Декретке ылайык токто-тулууга тийиш болгон жазык иштери 15 күндүн ичинде токтотулат. 3. Ушул Декретке ылайык жазасын андан ары өтөөдөн бошотула турганадамдар ушул Декрет күчүнө кирген күндөн тартып үч айдан кечиктирбестенбошотулат. 4. Бул Декретти колдонуу жөнүндө маселе ушул беренеде каралганмөөнөт өткөндөн кийин пайда болгон учурда, бул Декрет аталган мөөнөттөрөткөндөн кийин колдонулушу мүмкүн. 5. Бул Декретти белгиленген мөөнөттө аткарбаганы үчүн күнөөлүүадамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева