Бишкек шаары2010-жылдын 7-сентябры УӨ № 126 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Ал жеткис күчтүн жагдайларынын айынан зыян тарткан адамдарга кайтарымсыз негизде берилүүчү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү салык салуудан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына кайтарымсыз негизде жардамкөрсөтүүчү ишкердик субъекттерин жана ал жеткис күчтүн жагдайларынынжүрүшүндө жабыр тарткан ишкердик субъекттерин колдоо максатында КыргызРеспубликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. 2010-жылы болгон ал жеткис күчтүн жагдайларынын таасиринин на-тыйжасында жабыр тарткан адамдар үчүн кайтарымсыз негизде салык салыну-учу субъекттер тарабынан ишке ашырылган товарларды, жумуштарды жанакызмат көрсөтүүлөрдү берүү КНСтен бошотулган берүүлөр деп эсептелсин. 2. Салык салынуучу пайданы аныктоодо ишкердик субъекттерине2010-жылы болгон ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында жабыр тартканадамдар үчүн кайтарымсыз негизде берилген товарлардын, жумуштардын жанакызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептен чыгарууга укук берилсин. 3. Ош жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик администрациялары,Ош жана Жалал-Абад шаарларынын мэриялары 2010-жылы болгон ал жеткискүчтүн таасиринин натыйжасында жабыр тарткан адамдарга кайтарымсыз не-гизде берилүүчү товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) кабылалууга, бөлүштүрүүгө жана эсепке алууга жооптуу уюмдардын тизмесинтүзсүн жана расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 4. Ушул Декреттин 1 жана 2-пункттарында каралган бошотууларды иш-кердик субъекттеринин алышы үчүн негиз болуп 2010-жылы болгон ал жеткискүчтүн таасиринин натыйжасында жабыр тарткан адамдарга кайтарымсыз не-гизде товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндөырасталган, ушул Декреттин 3-пунктуна ылайык түзүлгөн уюмдар тарабынанкүбөлөндүрүлгөн документтердин (ишкердик субъектисинин чечими,эсеп-фактура, кабыл алуу-өткөрүү актысы, накладной, товардык-транспорт-тук накладной, аткарылган иштердин актысы, материалдык-жооптуу адамгаишеним кат ж.б.) болушу эсептелет. 5. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Дек-ретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин. 6. Ушул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана2012-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева