Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 19-январы № 5

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 12-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жабык сот жыйынынын кино- жана сүрөткө, көрмөтасмага тартуу, үн жазгычка жазуу соттун уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Жабык сот жыйынын радио жана телекөрсөтүү аркылуу түз алып берүүгө жол берилбейт".

2. 232-статьядагы "үч" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

К.Бакиев