Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 27-январы № 13
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери тууралуу Макулдашуунун алкагында жөнөтүлүүчү аскердик багыттагы продукцияны максаттуу пайдаланууга контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө Протоколго толуктоо киргизүү тууралуу Экинчи Протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 6-октябрында кол коюлган 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышкан мамлекеттердин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын негизги принциптери тууралуу Макулдашуунун алкагында жөнөтүлүүчү аскердик багыттагы продукцияны максаттуу пайдаланууга контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө Протоколго толуктоо киргизүү тууралуу Экинчи Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги көрсөтүлгөн Экинчи Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы тууралуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |