Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 28-январы № 15
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2004-ж., № 2. 65-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын 1-пунктундагы "гранттардан," деген сөз алып салынсын.
2. 4-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын салык жана башка мыйзамдарында каралган жергиликтүү салыктар менен жыйымдар түздөн-түз жергиликтүү бюджеттерге түшөт.".
3. 6-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү кирешелерге төмөнкүлөр кирет:
1) киреше салыгы:
2) сатуудан салык;
3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык:
4) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
6) мыйзам тартибинде белгиленген башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер.";
4-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
4. 22-статьянын 1-пунктундагы "иштерди" деген сөз "маселелерди" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |