КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 29-январы № 21
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-статья менен толукталсын:
"3-1-статья.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу, ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, атайын орнотулган флагштокто дайыма көтөрүлүп турат жана сутканын караңгы мезгилинде жарык кылынат:
- Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында;
- Ош шаарынын Борбордук аянтында.
Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында көтөрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу ардактуу кароолдун кайтаруусу менен камсыз кылынат.
Ардактуу кароолду өтөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |