Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 1-февралы № 23
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 35-статьянын 5-бөлүгүндөгү "каражаттары" деген сөздөн кийин ", ошондой эле гуманитардык жардам линиясы боюнча Кыргыз Республикасына ташылып келинүүчү дары-дармек каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 50-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Гуманитардык жардам иретиндеги дары-дармек каражаттары Кыргыз Республикасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алардын ишинин уставына ылайык эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан алынып келиниши мүмкүн.";
3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы гуманитардык линия боюнча келип түшкөн дары-дармек каражаттарынын бирдиктүү республикалык реестрин жүргүзөт.";
6-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
9-бөлүктөгү "дары-дармек каражаттары жөнүндө" деген сөздөр алынып салынсын, "мыйзамдарды" деген сөз "мыйзамдарын" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |