Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 10-февралы № 27
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 49-статьянын 4-бөлүгүнүн 5-пункту "өнөкөт кылмыштар учурунда," деген сөздөрдөн кийин "өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 50-статьянын 1-бөлүгүндөгү "адамдын өмүрүнө, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы өзгөчө оор кылмыштарды жасоо же болбосо улуттук, этностук жана диний топторду жарым-жартылай же толук жок кылууга багытталган аракеттер" деген сөздөр "ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндөгү тиешелүү статьяларда каралган учурлар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 53-статьянын 3-бөлүгүндөгү "185-187-статьяларында" деген сөздөр "185-статьясында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 57-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"(3) Кылмышка даярдангандыгы жана кылмыш далалаты үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалбайт"."
5. 70-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
6. 112-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
7. 184-статьядагы:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн" деген сөздөр "эки жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "беш жүз өлчөмүнөн бир миң өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо" деген сөздөр алып салынсын.
8. 204-2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"204-2-статья. Администрациялык таасир этүү чаралары
колдонулгандан кийин Кыргыз Республикасына чет
өлкөлүк жумушчу күчтү тартуунун жана пайдалануунун
эрежелерин бузуу
Администрациялык таасир этүүнүн чаралары колдонулгандан кийин Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуунун жана пайдалануунун эрежелерин бузуу -
беш жүздөн эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
9. 219-статья күчүн жоготту деп табылсын.
10. 291-статья күчүн жоготту деп табылсын.
11. 369-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "бир жылга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр "алты айга чейинки мөөнөткө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки жылга чейинки мөөнөткө тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого" деген сөздөр "бир жылга чейинки мөөнөткө тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "орус" деген сөз "расмий" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 26-статьянын 2-бөлүгүндөгү "112-статьянын экинчи бөлүгүндө," деген сөздөр алып салынсын.
3. 110-статьянын 9-бөлүгүндөгү "3 жана 4-пункттарына ылайык" деген сөздөр "3-пунктуна ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 236-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"236-статья. Кылмыш ишин прокурорго жөнөтүү
(1) Тергөөчү тергөөнүн бүтүшү жөнүндө токтомго кол койгондон кийин кылмыш иши ушул иш боюнча көзөмөл жүргүзгөн прокурорго жөнөтүлөт.
(2) Кылмыш ишине айыпталуучунун ким экенин ырастоочу документтер тиркелиши керек.
Айыпталуучуда - Кыргыз Республикасынын жаранында ким экенин ырастоочу документи жок болгон учурда, ал ыйгарым укуктуу орган тарабынан иши боюнча териштирүү бүткөнгө чейин кылмыш-жаза процессин жүргүзүүчү органдын кайрылуусу боюнча документтештирилиши керек.
Айыпталуучуда - чет өлкөнүн жаранында ким экенин билдирүүчү документи жок болсо, кылмыш ишине өзгөчө учурларда башка документ тиркелиши мүмкүн.
Эскертүү. Ушул беренеде инсандыгын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) жарандын паспорту;
2) инсандыгын ырастоочу күбөлүк;
3) чет өлкөлүк жарандын туруктуу же убактылуу жашап турууга укугу;
4) жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
5) айдоочунун күбөлүгү;
6) аскердик билет;
7) туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
8) жарандын туулгандыгы жөнүндө актылык жазуу;
9) ыйгарым укуктуу органдын башка документи.".
5. 281-статья "66-статьясында көрсөтүлгөн" деген сөздөрдөн кийин "чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар жана" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 325-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"325-статья. Соттолуучуну кайтарууда кармоодон бошотуу
Соттолуучу акталганда, ошондой эле жаза белгиленбестен айыптоо токтомун чыгаруу менен же жазаны өтөөдөн бошотуу менен, же шарттуу соттоо менен, же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттоо, же өндүрүш тарабынан кылмыш-жаза ишин токтотуу менен камакта кармалып турган соттолуучу өкүм мыйзамдуу күчүнө кирээри менен токтоосуз бошотулууга тийиш.".
7. 358-статьянын 5-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
8. 362-статьянын 1-бөлүгүндөгү:
биринчи абзацтагы "камакка алууга" деген сөздөр "түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө," деген сөздөргө алмаштырылсын:
2-пунктундагы "сегиз жашка" деген сөздөр "он төрт жашка" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 363-статьянын 1-бөлүгү "администрациясынын" деген сөздөрдөн кийин "же жазаны аткарууну жүргүзүүчү органдын" деген сөздөр менен толукталсын.
10. 364-статьянын 4-бөлүгү "жокко чыгаруу" деген сөздөрдөн кийин ", жазаларды коомдук жумуштарга, түзөтүү жумуштарына тартуу, жазаны өтөөдөн атайылап качканда жазанын башка түрлөрү менен эркиндигин чектөөгө алмаштыруу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
11. 365-статьяда:
3-бөлүгүндөгү "бир жыл" деген сөздөр "үч ай" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-бөлүгүндөгү "ички иштер органдары" деген сөздөр "ички иштер органдарынын көмөгү менен Кыргыз Республикасынын кылмыш-жазаны аткаруу инспекциясы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 367-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"367-статья. Жазанын өтөлө элек бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө
алмаштыруу
(1) Сот өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдардан башка, жазаны эркиндигинен ажыратуу түрүндө өтөп жаткан адамга, анын жазаны өтөп жаткан мезгилдеги жүрүм-турумун эске алуу менен, жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 42-статьясында көрсөтүлгөн жазалардын түрлөрүнө ылайык жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыра алат.
(2) Жазанын өтөлө элек бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу жөнүндө сунуш сот тарабынан жаза аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын сунушу боюнча каралат.
(3) Сот тарабынан тарбия берүү абактарында жаза өтөп жаткан адамдарга карата жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу, жаза аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын жана жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын биргелешкен сунушу боюнча колдонулат.
(4) Сот жазаны аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын сунушун соттолгондордун жазаны өтөгөн жери боюнча карайт.
(5) Жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштыруу жөнүндө сунуш соттун жыйналышында прокурордун катышуусу менен каралат. Соттун жыйналышына жаза аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын, ошондой эле жашы жете электерге карата сунушту караган учурларда жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын өкүлү жана соттолгон адам чакырылат.".
13. 370-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"370-статья. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго түзөтүү
мекемесинин түрүн өзгөртүү
(1) Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча сот тарабынан жүргүзүлөт. Сот жаза аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү тууралуу сунушун соттолгондор жазасын өтөгөн жери боюнча карайт.
(2) Соттолгонго түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү тууралуу сунуш соттун жыйналышында прокурордун катышуусу менен каралат.
(3) Соттун жыйналышына жазанын аткарылышын башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын өкүлү жана соттолгон адам чакырылат.".
14. 372-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(3) Жазадан шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу, жазанын өтөлүп бүтө элек бөлүгүн жазанын жеңилирээк же катуураак түрүнө алмаштыруу жөнүндө, соттолгон адамга түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү тууралуу маселелерди сотто караганда жаза аткарууну башкаруучу органдын же өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясынын өкүлү чакырылат.".
15. 373-статьянын 4-бөлүгүндөгү "бир жыл" деген сөздөр "алты ай" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 386-статьянын 4-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "1-3" деген сандар "2-4" деген сандарга алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 46-статьяда:
4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын;
5-бөлүктөгү "жана катуу" деген сөздөр ", катуу жана өзгөчө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 50-статьяда:
2-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) жалпы, күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарынан жатак-абактарга жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин өтөгөндөн кийин анча оор эмес кылмыштар, жеңилирээк деп эсептелген кылмыштар үчүн соттолгондор; жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин өтөгөндөн кийин оор кылмыштары үчүн соттолгондор; өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондор же мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазадан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандар жана жазасынын өтөлө элек бөлүгү мезгилинде жаңы кылмыш жасагандар - жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн экисин өтөгөндөн кийин; өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондор - жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн өтөгөндөн кийин; эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандар - жаза мөөнөтүнүн кеминде бештен төрт бөлүгүн өтөгөндөн кийин;";
3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-пункттар менен толукталсын:
"3) Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелери менен белгиленген форма боюнча жатак-абакка которууга жазуу түрүндө макулдук берилбеген соттолгондор;
4) туруктуу жашаган жери жок соттолгондор, чет мамлекеттердин жарандары, ошондой эле жарандыгы жок соттолгондор.".
3. 99-статьянын 1-бөлүгү "өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган эркектер," деген сөздөрдөн кийин "өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар," деген сөздөр менен толукталсын.
4. 100-1-статьяда ", ошондой эле эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым берүү тартибинде белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмашылган адамдар" деген сөздөр алып салынсын.
5. 100-2-статьянын 3-бөлүгүндөгү "алтынчы" деген сөз "жетинчи" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 102-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жеңилдетилген, жеңилдик берүүчү жана катуу" деген сөздөр "жана жеңилдетилген" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 145-статьянын 12 жана 13-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
288-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн бештен он беш өлчөмүнө, кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";
2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырма өлчөмүнө, кызмат адамдарына эсептик көрсөткүчтүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
5-берене.
"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаларды аткаруу;".
2. 5-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- жазык-аткаруу инспекцияларын;".
3. 35-статьянын 9-бөлүгүнүн биринчи абзацы "кызмат өтөөнүн жалпы узактыгына" деген сөздөрдөн кийин "календардык эсептөө менен" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 37-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 526-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Мыйзамдын аталышында "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 10-февралы № 27
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)