Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 16-февралы № 30
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 37-статьянын 2-пунктундагы "9" деген цифра "7" деген цифрага алмаштырылсын.
2. 42-статьяда:
2-пункттун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Башкарманын жыйналышы ага Кыргыз банкынын Төрагасынын же анын орун басарларынын биринин же болбосо Төраганын милдетин аткаруучу адамдын милдеттүү катышуусу менен Башкарманын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү катышкан учурда ыйгарым укуктуу болот.";
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Башкарманын чечими Башкарманын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |