Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203
конституциялык Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 3-марты № 41
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙРЫМ МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫНА
("КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОМБУДСМЕНИ (АКЫЙКАТЧЫСЫ)
ЖӨНҮНДӨ" ЖАНА "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ
КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМДАРЫНА) ТОЛУКТООЛОР ЖАНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 437-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 15-пунктунда:
"Омбудсменинин (Акыйкатчысынын)" деген сөздөрдөн кийин "5 жылдык мөөнөткө шайлануучу" деген сөздөр менен толукталсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары мыйзам тарабынан белгиленген гендердик өкүлчүлүктүн талаптарын эсепке алуу менен шайланышат.".
2. 5-статьяда:
1-пунктта:
- биринчи абзацындагы "Омбудсмен (Акыйкатчы)" деген сөздөрдөн кийин ", Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары" деген сөздөр менен толукталсын, "берет" деген сөз "беришет" деген сөзгө алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "Омбудсмендин (Акыйкатчынын)" деген сөздөрдөн кийин ", Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын; "ак ниет аткарууга," деген сөздөрдөн кийин "Омбудсмен институтунун кадыр-баркын төмөндөтүүчү иш-аракеттерди жасабоого," деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Омбудсмен (Акыйкатчы), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары ант берген учурдан тартып кызматка киришкен болуп эсептелишет.".
3. 7-статьяда:
статьянын аталышындагы "Омбудсмендин (Акыйкатчынын)" деген сөздөрдөн кийин ", Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарларынын" деген сөздөр менен толукталсын;
1-бөлүктө:
- биринчи абзацындагы "Омбудсменинин (Акыйкатчысынын)" деген сөздөрдөн кийин ", анын орун басарларынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункттагы "өзүнүн" деген сөз алып салынсын;
- 2-пункттагы "ага" деген сөз "Омбудсменге (Акыйкатчыга), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 4-пункттардагы "Омбудсмендин (Акыйкатчынын)" деген сөздөрдөн кийин ", Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-пункттагы "антты бузганда" деген сөздөрдөн мурда "алар" деген сөз менен толукталсын;
- 6-пунктта:
"ал" деген сөз алып салынсын; "Омбудсмендин (Акыйкатчынын)" деген сөздөрдөн кийин ", Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8) Омбудсмен (Акыйкатчы), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондо;";
- 9-пункттагы "сот тарабынан" деген сөздөрдөн мурда "Омбудсмен (Акыйкатчы), Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басары" деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 7-пунктунун жобосу Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) кезектеги ар жылкы баяндамасын угууга чейин кеминде 12 ай ичинде шайланган Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарларына жайылтылбайт.
Омбудсменди (Акыйкатчыны), анын орун басарын мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиздин бар экендиги тууралуу корутундуну Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы берүүгө тийиш. Корутундуга комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси добуш берүүгө тийиш.";
3- жана 4-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
4. 8-статьянын 4-пунктундагы "Конституцияны жана" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |