Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 11-марты № 47
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-статьянын бешинчи абзацындагы "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 10-статьянын 6-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 11-статьянын 7-бөлүгүндөгү "1-пунктунун 1-5 жана 7-9 пунктчаларында" жана "1-пунктунун 6-пунктчасында" деген сөздөр тиешелүү түрдө "1-бөлүгүнүн 1-5 жана 7-9 пункттарында" жана "1-бөлүгүнүн 6-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 17-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен" деген сөздөр алып салынсын.
5. 18-статьянын 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Баалуу кагаздардын рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жана 4-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 21-статьянын 1-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 23-статьянын 4-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 25-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 26-статьянын 9- жана 10-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 27-статьясынын 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 28-статьянын 5-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик актылары менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 29-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 30-статьянын 4-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен" деген сөздөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 31-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы жана 2-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 32-статьяда:
4-бөлүгүндө:
- экинчи абзацындагы "мыйзамдарын, Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын " деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 33-статьядагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 34-статьяда:
1-бөлүгү "мамлекеттик контролду" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
18. 35-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Инвестициялык фонддун финансылык абалын жакшыртуу менен байланышкан чараларды колдонуу тартиби, ошондой эле андай чаралардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |