КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 15-марты № 50
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын алдындагы карызын кайра структуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 325-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн МКСЗО боюнча карызы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарына кайрадан жол-жоболоштурулушу мүмкүн.".
2. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 619000000,00 сом өлчөмүндөгү жөнөкөй вексели Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн башка мамлекеттик баалуу кагаздарга кайра жол-жоболоштурулат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |