Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 30-декабры № 58
Бишкек шаарында 2010-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн атайын жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда "Калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн атайын жардам" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн каржылоо жөнүндө Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |