Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-январы № 26
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 31-майындагы № 114 КонституциялыкМыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2023-жылдын 31-майындагы № 114 КонституциялыкМыйзамынын ылайык күчүн жоготту)
2-статья:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит жүргүзүүгө тиешелүү маселе "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.";
2 жана 3-бөлүктөр тиешелүүлүгүнө жараша 3 жана 4-бөлүктөр болуп эсептелсин.
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Социалдык фонддун ички аудити "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.".
3-берене.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |