Редакцияот 29.01.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 29-январы № 34

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-статья.

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

16-статьянын 1-пунктунда:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- тышкы жарнакка чыгууга;";

пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- саат 7ден 22ге чейин менчигинин түрүнө карабастан радио жана телекөрсөтүүдөн чыгууга;";

үчүнчү-он бешинчи абзацтар тийиштүү түрдө төртүнчү-он алтынчы абзацтар деп эсептелсин;

онунчу абзацтагы мамлекеттик тилде баяндалган "таратылууга;" деген сөз "таратылууга тийиш эмес" деген сөзгө алмаштырылсын;

он алтынчы абзац алып салынсын.

 

2-статья.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

К.Бакиев