Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 20-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 25-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жылдын 22-августу, № 62) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) - Кыргыз Республикасында парламентаризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасында демократияны жана конституциялык түзүлүштү чыңдоого олуттуу салым кошкондугун, коомдук-саясий иштерге жигердүү катышкандыгын таануу ирээтинде Кыргыз Республикасынын жарандарын жана уюмдарын сыйлоонун формасы болуп саналат.";
2-бөлүк "чет өлкөлүк жарандар" деген сөздөрдөн кийин "жана эл аралык уюмдар" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Ардак грамотаны уюштурат жана анын сыпаттамасын бекитет.".
2. 2-статьяда:
1-бөлүктө:
- бешинчи абзац алып салынсын;
- алтынчы абзацтагы "депутаттык бирикмелери (фракциялары, депутаттык топтору)" деген сөздөр "депутаттык фракциялары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "Жогорку Кеңештин Иш башкаруучусу.";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчиси жана Иш башкаруучусу тийиштүүлүгүнө жараша Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерине гана сунуштама киргизүүгө укуктуу.".
3. 4-статьяда:
1-бөлүктөгү "ушул Мыйзамда каралган учурларда Ардак грамота менен сыйлоого негиз болгон Ардак грамота сыйлоо тууралу документ түрүндө жол-жоболору макулдашылган" деген сөздөр алып салынсын.
2-бөлүктөгү "депутаттык бирикмеси (фракциялар, депутаттык топтор)" деген сөздөр "депутаттык фракциясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкө жарандарын жана эл аралык уюмдарды сыйлоого көрсөтүү эл аралык маселелер боюнча профилдик комитет менен макулдашуу боюнча жалпы негиздерде киргизилет.";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү:
Сунуштама документтердин төмөндөгүдөй тизмегин милдеттүү түрдө тиркөө менен демилгечилер тарабынан киргизилет:
- жарандардын жана уюмдардын расмий өтүнүчү жана протоколдору;
- сыйлануучу адамга берилген мүнөздөмө, эмгек жолу жөнүндө маалымкат, мурдагы сыйлыктары жөнүндө маалымат, ишмердиги (эмгек жолунан башка) жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат.
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармалыгынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө расмий өтүнүчтөр алардын тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан демилге катары көтөрүлсө болот.".
4. 5-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья.
Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилген сунуштаманы Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссияга жөнөтөт.
Көрсөтүлгөн материалдарды карап чыгып, комиссия сыйлоо жөнүндө маселени өзүнүн оң же терс корутундусу менен Жогорку Кеңештин Төрагасынын кароосуна киргизет.
Сыйлоо материалдары комиссия тарабынан белгиленген тартипте түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөт ичинде каралат. Сыйлоо материалдарын кароо боюнча комиссиянын жыйналыштары протоколдоштурулат.".
5. 6-статьяда:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жогорку Кеңештин Төрагасынын Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.".
6. 7-статьяда:
1-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ардак грамота Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан же анын тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары тарабынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси чыккандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен салтанаттуу кырдаалда иштеген жери боюнча эмгек жамааттарынын жалпы чогулуштарында же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында сыйлануучу адамдын өзүнө жана уюмдардын жетекчилерине тапшырылат.";
2-бөлүк алып салынсын.
7. 8-статьяда:
1-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сыйланган адамдын эмгек китепчесине Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө жазылат, сыйлоо жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесинин көчүрмөсү өздүк делосуна киргизилет.";
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ардак грамотанын бланктары катуу отчеттуулуктагы документтер менен барабар сакталат.".
8. 9-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Дисциплинардык жазасы бар кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүү Мыйзамда белгиленген тартипте аны алып салганга чейин жүргүзүлбөйт.
Сыйлоого негизсиз сунуштама берүүгө жол берген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.".
9. 10-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
10-статья.
Ардак грамота менен сыйлоодон жүйөсү көрсөтүлүп баш тартылган учурда сыйлоого кайра көрсөтүү баш тартуунун жүйөлөрү четтетилгенден кийин баш тартуу жөнүндө чечим алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес киргизилиши мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |