Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-февралы № 70
Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
1-берене.
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 17 жана 20-статьялардагы түрдүү жөндөмөдөгү "улуттук коопсуздук министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 18-статьядагы "Өзгөчө жагдайлар жана жарандык коргонуу боюнча министрлигинин" деген сөздөр "Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 25-статьядагы түрдүү жөндөмөдөгү "Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |