Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 27-марты № 84
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене.
1. 2009-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жер салыгы жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринен башка мүлккө салык киргизилсин.
2. 2010-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери боюнча мүлккө салык киргизилсин.
3. 2011-жылдын 1-январынан тартып ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн салыктарды киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |