Загрузка документа…
КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 27-марты № 86
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5,420-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
358-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Бажы органдарынын карамагында турган жана коммерциялык, банктык же мыйзам менен сакталуучу башка сырды камтыган маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |