Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! КР 2022-жылдын 5-августундагы № 87 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
КР 2022-жылдын 5-августундагы № 87 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 27-марты № 88
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 311-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин ага тиешелүү бөлүгүндө баалуу металлдар, асын таштар жана алардан жасалган зер буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү жактар тарабынан сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |