Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 28-марты № 92
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене.
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 26-бөлүк менен толукталсын:
"Дары-дармек ылайыктуулугун тастыктоо - дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун сертификатташтыруу жана декларациялоо формасында ишке ашырылган, коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун тастыктоочу процедура.";
30-бөлүк алып салынсын.
2. 8-статьянын 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо жүзөгө ашырылат.".
3. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11-статья. Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо
Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
4. 18-статьянын 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- дары-дармек каражаттарды алардын коопсуздугун ырастаган сертификаты же тууралыгы жөнүндө декларациясы болгон учурда сатып өткөрүүгө;".
5. 22-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сапатты, натыйжалуулукту жана коопсуздукту контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты өнүктүрүү;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |